Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

27 октябрь 2021 10:28 1606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды.Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда шаардын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Кылмыш 2019-жылы январь айында болгон. Анда Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш жигит кайрылып Canon 6D+ үлгүсүндөгү фото аппаратын ижарага алган. Техниканын баасы 1000 доллар турат.

Бирок бейтааныш жигит аны ээсине кайтарып бербей, сатып жиберип акчасын пайдаланып койгон жана ижара ээсинен качып жүргөн.

2021-жылдын октябрь айында Бишкектин тургуну ага карата милицияга арыз жазган.

Октябрь РИИБинин 3-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1994-жылы туулган Т.Рны кармашты, аны 1-убактылуу кармоочу абакка камоо тууралуу сот чечими чыкты.

Шектүүнүн дагы ушундай кылмыштарына кабылгандар болсо 0(557) 102-977, 0(700) 77-77-59, 0(557) 33-33-53 жана 102 номерлерине байланышууну милициядан өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-aldamchylykka-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий