Бишкекте АКШда өлтүрүлгөн Флойдду колдоо митингине 1 адам катышты

10 июнь 2020 14:05 1027 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Горький паркында АКШда афроамерикалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам катышты.

Ал өзүн Денис Реут деп тааныштырган адам колуна “Бийликтин зомбулугунун чеги жок” деген жазууну кармап чыккан.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да Бишкекте күч органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан учур болгонун белгилеп өттү.

Ошол эле жерде ага каршы пикирин билдирген эки адам чыкты. Алар өз акциясын “АКШда караны өлтүрүп кетишсе Бишкекте митинг, Кыргызстанда 13 жаштагы кызды зордуктап кетишсе ноль митинг” деген жазуу менен өткөрүштү.

Эске салсак, Америкалык кара түстүү жаран Джордж Флойд 25-майда дүкөндөн жасалма акча менен кармалды деген айыптоонун негизинде полиция тарабынан кармалып, колуна кишен кийгизилген, ага карабай укук коргоо кызматкери 8 мүнөт бою Флойд каршы көрсөтпөсө да анын мойнун тизээси менен басып турган. Аба жетишпегенден улам Флойд каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-akshda-ltrlgn-flojddu-koldoo-mitingine-1-adam-katyshty



Добавить комментарий