АКШда полиция кызматы тарабынан өлтүрүлгөн Флойдду колдоо иретинде Бишкекте митинг өтөт (Видео 18+)

9 июня 2020 17:56 1052 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШда полиция кызматы тарабынан өлтүрүлгөн Жордж Флойдду колдоо иретиндеги эртең Бишкекте тынчтык митинги өтөт. Иш-чараны “Ынтымак” партиясы уюштурууда. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Жылдызбек Турганов билдирген.

Маалыматка ылайык, митинг саат 11:00 борбордогу Максим Горький паркындагы эстеликтин жанында башталат.

“Биз жалпы глобалдык демократиялык иш-чараларды четте карап турбайбыз. Бул окуя боюнча айтсак полиция тарабынан жасалган зомбулукка каршыбыз. Бул боюнча бардык каалоочуларды эртең катышса болот”-деди ал.

Эске салсак, Америкалык кара түстүү жаран Джордж Флойд 25-майда дүкөндөн жасалма акча менен кармалды деген айыптоонун негизинде полиция тарабынан кармалып, колуна кишен кийгизилген, ага карабай укук коргоо кызматкери 8 мүнөт бою Флойд каршы көрсөтпөсө да анын мойнун тизээси менен басып турган. Аба жетишпегенден улам Флойд каза болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/erte-bishkekte-akshda-policiya-kyzmaty-tarabynan-ltrlgn-flojddu-koldoo-iretinde-miting-tt-video-18



Добавить комментарий