Видео. Бишкекте адамдарды уурдап жүргөн топ кармалды
Милиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, адамдарды уурдап кетип, коркутуп акча тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кылмыштуу топ жырткычтык менен адамдарды өлтүрөбүз деп коркутуп, ири суммадагы акча өндүрүп алып турушкан.
Жакында ички иштер органдарына чет элдик жаран кайрылып, белгисиз адамдар анын башына кап кийгизип уурдап барып, катуу сабаганын айтып арыз берген. Алар 3-мартта аны БМВ унаасына салып кетишип капчыгайга алып барып сабап, 5000 доллар талап кылышкан.
Алар ишкерди “тоо дайрасына салып жиберебиз” деп коркутушкан. Тепкинин натыйжасында анын кабыргасы сынган.
Ошондон кийин алар ишкерди шаарга алып келишип, 13 миң доллар турган BMW 525 унаасын тартып алышкан.
3-мартта Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыктын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, атайын топ аларды кармоо үчүн Ысык-Көл областына жөнөп кетишкен.
Учурда бул иш боюнча үч адам кармалып, камакка алынды. Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-adamdardy-uurdap-zhrgn-top-karmaldy-video
Добавить комментарий ×