Бишкектеги күндүзгү стационарлардан капельница койдуруп же укол сайдырса болот

8 июль 2020 15:19 1341 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ОРВИ же пневмониянын белгилери байкалса, күндүзгү стационарларга кайрылып, дары тамчылатма (капельница) же укол сайдырса болот. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“ОРВИнин же пневмониянын белгилери бар болсо, Бишкек шаарынын күндүзгү стационарларына 08.00дөн 20.00гө чейин кайрылууга болот. Ал жерде медайымдар бейтаптарга дары тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 9 күндүзгү стационар төмөнкү даректер боюнча иш жүргүзүп жатат:

Ленин районунда:

«Газпром» спорткомплекси, Токонбаев -Чортекова – 120 орун;

№ 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул көчөсү- Уматалиева кесилишинде)

 «Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199)

Свердлов районунда:

Ратбек Санатбаев атындагы ФОК, Восток - 5 кичирайонунда – 150 орун;

№ 94 орто мектепте – 50 орун («Дордой» конушунда)

Октябрь районунда:

 «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, церковтун жанында – 200 орун;

 «Сейтек» мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 Алатоо университети)

Биринчи май районунда:

№ 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)

К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-9-kndzg-stacionar-ishtep-zhatat



Добавить комментарий