Бишкекте 9-кабаттан кулап кеткен 18 жаштагы жигит аман калды (видео)
Соцтармакта "курулуш жүрүп жаткан көп кабаттуу имараттын 9-кабатынан жумушчу кулап кетти" деген видео таркаган. Бул тууралуу “Барометрге” Октябрь райондук ички иштер бөлүмү маалыматты тастыктап, түшүндүрмө берди.
Маалым болгондой, окуя 1-март күнү болгон. 102 кызматына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 2002-жылы туулган Ж.Э аттуу жаран көп кабаттуу имараттан кулап, баш мээси чайкалган, эки буту сынган, сол далысы чыккан жана далысы сынган деген диагноз менен жаткырылганы кабарланган.
“Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу иликтөө иштерин баштаган. Маалым болгондой, 1-мартта Аалы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда Ж.Э аттуу жаран 9-кабаттан кулап түшкөн.
Бул факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен иштери, курулуш иштери, жумуштарында коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталды. Ошону менен катар эле, соттук-медициналык экспертиза боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жабыркаган жарандын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда, сотко чейинки процессте бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайларын жана себептери аныкталып жатат”, - деп айтылат маалымтта.
Автор: Жанышбекова Чолпон
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-9-kabattan-kulap-ketken-19-zhashtagy-zhigit-aman-kaldy-video
Добавить комментарий ×