Бишкекте 36 жаштагы келин 6 адамды алдаган деген шек менен кармалды

16 октябрь 2023 15:01 1072 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте алты аламды алдар кеткен деген  шек менен 36 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалыматына шилетеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 5-октябрда А.Б. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан авиакассаларынын биринин кызматкерлерине  чара көрүү арызы менен кайрылган. 

“Анда ушул эле жылдын 14-март күнү алар Бишкек-Эдинбург авиакаттамына  эки тарапка авиабилети 69 миң 613 сомго сатышкан. Эдинбургдан кайра Бишкекке учуп келүүсүндө  авиакасса тарабынан кайтуу билети жокко чыгарылган. Кайрадан  46 мин 613 сомго авиабилет сатып алууга  аргасыз болгон.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине

( алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1987-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 25- октябрга  чейин номур  биринчи тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Ушул сыяктуу кылмыш фактылары боюнча  Бишкек шаарынын Ленин РИИБге  дагы  алты жаран арыздары менен кайрылышкан”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-36-zhashtagy-zhash-kelin-6-adamdy-aldagan-degen-shek-menen-karmaldy



Добавить комментарий