Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

25 июль 2020 10:44 573 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бишкек шаарынын  Биринчи Май районунда 5-июль күнү Патрис Лумумба көчөсүндө ЧЧК (БЧК) каналына 1976-ж.т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 

Кечээ, 24-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 10:30да Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында Совхоз-Фрунзе айылында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-20-kndn-beri-tabylbaj-zhatkan-zharandyn-sg-suudan-tabyldy



Добавить комментарий