Бишкекте 101 жаштагы карыя коронавирусту жеңди

3 август 2020 15:41 913 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте пневмониянын оор түрүнө кабылган 101 жаштагы карыя айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Пневмонияга кабылган 101 жаштагы карыя КР илимине эмгек сиңирген ишмер.

"Аксакал бизге эки тараптуу пневмониянын оор формасы менен келип түшкөн. Кан басымы жогору, жүрөгү ооруп, бронхити бар экен. Оор абалда алып келишти. Дароо реанимацияга жаткырып, ошол жактан дарылап баштадык. Азыр жакшы, үйүнө чыкты. Негизи биздин клиникага көбүнчө улгайып калган бейтаптар жатат", — деди оорукананын жетекчиси Гүльмира Баитова.

Ошондой эле, бейтаптардын арасында 70-80 жаштан өткөндөрдүн ичинен коронавирусту жеңип, айыгып кеткендери көп экенин кошумчалады.

"Коронавирус жуктуруп алып оор абалда келгендердин басымдуу бөлүгү да жашы өтүп калгандар эле. 70-80 жаштан ашып калгандардын арасынан айыккандар көп болду. Инфарк, кант диабетине кабылгандардын ичинен да коронавирустан сакайып кетишти", — деди ал.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-101-zhashtagy-karyya-koronavirustu-zhedi



Добавить комментарий