Бишкекте 100 орундуу оорукананы куруу иштери кызуу жүрүүдө (Сүрөт)
Бишкек шаарында 100 орундуу жаңы жугуштуу оорукананы куруу иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Азыркы учурда 1-чи, 2-чи жана 3-чү блоктордун пайдубалдары толук бүтүп, 1-чи жана 2-чи блоктордо кайра шагыл кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 4-чү блоктун фундаментин бетондоо иштери 60%га аяктады. Андан сырткары дубалдардын темир конструкциясы жана чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектке тиешелүү техникалар тартылып 50 жумушчу иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-100-kojkaluu-oorukana-salynyp-zhatat-srt
Добавить комментарий ×