Бишкекте 100 орундуу оорукананы куруу иштери кызуу жүрүүдө (Сүрөт)

7 августа 2020 09:40 1093 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында 100 орундуу жаңы жугуштуу оорукананы куруу иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Азыркы учурда 1-чи, 2-чи жана 3-чү блоктордун пайдубалдары толук бүтүп, 1-чи жана 2-чи блоктордо кайра шагыл кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 4-чү блоктун фундаментин бетондоо иштери 60%га аяктады. Андан сырткары дубалдардын темир конструкциясы жана чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектке тиешелүү техникалар тартылып 50 жумушчу иштеп жатат.  


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-100-kojkaluu-oorukana-salynyp-zhatat-srt



Добавить комментарий