️Бишкекте 1-сентябрдан баштап коомдук транспорт кадимки режимде иштеп баштады

1 сентябрь 2020 08:49 855 Barometr
Бөлүшүү:
ok

️Бишкекте 1-сентябрдан баштап коомдук транспорт  кадимки режимде иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бүгүн,  1-сентябрдан баштап борбор калаанын коомдук транспорту (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) кайрадан эртең менен  кечке чейин (графикке ылайык) тыныгуусу жок иштей баштайт.

Мэрия бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого жана беткап кийүүгө чакырат.  Ошондой эле, мэрия унаанын салонунда санитайзерлердин орнотулушун, нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин көзөмөлгө алат.

Коомдук унаанын иши жөнүндө төмөнкү номерлерден билүүгө болот:

 Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын ишин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-1-sentyabrdan-bashtap-koomduk-transport-kadimki-rezhimde-ishtej-bashtajt



Добавить комментарий