Бишкекке Түркиядан 14 ыктыярчы-медик учуп келди
Бишкекке Түркиядан 14 кыргызстандык-медиктер учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакаттамынын учагы менен келген кыргызстандык жарандар менен Түркиядан келген гуманитардык жүгү менен биргеликте Кыргызстанга ординатурадан өтүп жаткан жана медициналык жогорку окуу жайларда жана Түркиянын аларга караштуу мамлекеттик клиникаларда иштеген 14 медик-ыктыярчыдан турган мекендештердин тобу келди.
"Пандемия шартында Түркияда дары-дармектерди экспорттоого жана мамлекеттик структуралардын медицина кызматкерлеринин өлкөдөн чыгууларына расмий тыюу салуулар киргизилдиктен, Кыргызстандын элчилигинин жана Түркиянын тиешелүү министрликтеринин жардамы менен аталган медицина кызматкерлерине чыгууга уруксат алуу боюнча маселелер чечилди", - деп айтылат маалыматта.
Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргызстандагы жашоо шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз мойнуна алышкан.
Медиктердин тобу республикадагы конкреттүү бир ооруканада иш графиги боюнча иштеп, өздөрүнө бөлүнгөн жумуш аймагына жоопкерчилик алаары айтылды.
Түрк тилин жана медициналык жабдууларды билүү менен, ошондой эле Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргызстанга кеңеш берүү жардамын берүүгө жана коронавирус илдетин дарылоодо квалификацияны жогорулатуу үчүн онлайн курстарды уюштурууга даяр экендигин эске алып, Турциядагы КРнын элчилиги ыктыярчы-медиктерди кыргыз медперсоналы менен тажрыйба алмашуу үчүн региондорго жөнөтүүнү сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-turciyadan-14-kyrgyzstandyk-medikter-uchup-kelishti
Добавить комментарий ×