Бишкекке Кореядан Кыргызстандын жарандары келди
Бишкекке Кореядан Кыргызстандын жарандары келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Бүгүн дүйнөдө коронавирустун жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарап менен өз ара аракеттешүүсүнүн алкагында Корея Республикасынан Кыргыз Республикасынын 3 жараны кайтып келди.
Биздин жарандар «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна келишип, атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келди.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн жардамы менен алып чыгууну уюштуруу үчүн мүмкүн болгон маршруттарын издөө боюнча иштер улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-koreyadan-kyrgyzstandyn-zharandary-keldi
Добавить комментарий ×