Кореядан келген 600дөн ашык унааны мыйзамсыз каттаган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды

30 январь 2024 16:55 415 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чет жактан алынып келинген автоунааларга бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында туруктуу коррупциялык схема уюштурган делип “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Ошентип, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, унааларды жеке кузов жана мотор тетиктерин жамынып алып, ташып келүү бажы алымдарын бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. 

Бирок, мындай жол менен алынып келинген унаалардын каттоого турган алгачкы документтери болгон эмес.

Маалым болгондой, буга карабастан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери тарабынан материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл ичинде аймакка баштапкы документтери жок 600дөн ашык унаа катталып калган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттик мекеменин кызматкерлери Корея Республикасынан автоунаа алып келүү менен алектенген жеке адамдар менен сүйлөшүп алышкан.

Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон доллар зыян келтирилген.

2024-жылдын 29-январында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери А.А.А., Т.М.М., С.Л.А., У.Б.М., кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 
Учурда, бул кылмышка тиешеси бар “Унаа” мамлекеттик мекемесинин башка кызматкерлерин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын УКМК билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/koreyadan-kelgen-600dn-ashyk-unaany-myjzamsyz-kattagan-unaa-mamlekettik-mekemesinin-adisteri-karmaldy



Добавить комментарий