Дубайдан 187 кыргыз жараны учуп келип, обсервацияга жаткырылды

11 июнь 2020 17:05 929 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Манас»  Эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстандын 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.  

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

Учаардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты.

Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-birikken-arab-emirlikterinen-kyrgyzstandyn-zharandary-kelishti



Добавить комментарий