“Апамдын каттамасын” жасаган Лира эжени араб шейхи каттама жасап берүү үчүн чакыртты

14 декабрь 2022 17:05 906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кеминдеги атактуу “апамдын каттамасын” жасаган Лира эже араб шейхинин чакыруусу менен Дубайда эс алып, каттама жасап берүү үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу блогер Адилет Ногойбаев жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, айтылуу “апамдын каттамасын” жасаган Лира эжени араб шейхи үй-бүлөсү менен эки жумага эс алып, каттаманын кандай жасаларын көрсөтүп берүү үчүн чакырган. 

Лира эже шейхтин ашпозчуларына каттаманын жасалышын үйрөтүп, шейхтин үй-бүлөсүнө даамдуу каттамасын жасап бергени айтылат маалыматта.

“Араб шейхтери Кыргызстанга келгенде кокусунан эле Кеминге токтоп, “апамдын каттамасынан” жеп жактырып калышкан. Быйыл шейх досторун өзгөчө тамак менен кубантуу үчүн кыргыз каттамасын жасатууну чечкен. Ал Лира эженин эс алуусун толугу менен көтөрүп, Абу-Дабиге чакырткан”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/apamdyn-kattamasyn-zhasagan-lira-ezheni-arab-shejhi-kattama-zhasap-ber-chn-chakyrtty



Добавить комментарий