Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, 2 электрослесарь жеңил күйүк алды
Бөлүшүү:
Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, 2 электрослесарь жеңил күйүк алды. Маалыматты «Электрдик станциялар» ААКсы тастыктады.
Ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, трубиналардын бири убактылуу өчүп калган. Учурда кемчиликтер оңдолуп, жабдык ишке киргизилди. Авариянын себептерин атайын комиссия иликтеп чыгат.
Маалыматка караганда, жабыркаган 2 кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандыраарлык.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhebdegi-turbinalyk-cehte-avariya-bolup-2-elektroslesar-zheil-kjk-aldy
Добавить комментарий ×