Бишкектик окуучу Россияда өткөн окуу боюнча сынакта байгелүү орунга ээ болду
Бөлүшүү:
Бишкектин №48 мектеп-гимназиясынын жетинчи классынын окуучусу Кайрат Табылдиев "АзБукиВеди" окурмандардын жана көркөм котормочулардын эл аралык конкурсунун экинчи даражадагы лауреаты болду. Бул тууралуу Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кайрат калыстар тобуна Виктор Астафьевдин «Зачем я убил коростеля?» повестин окуп берди. Буга чейин, ал аталган чыгарманы Бишкекте уюштурулган «Русская премьера» театрлаштырылган фестивалында окуп берген.
“Барометрдин” жамааты Кайратты куттуктап, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Добавить комментарий ×