Бишкек менен Чүй облусунда коронавирус жуккандар жана алар менен контакт болгондор катуу көзөмөлгө алынат

4 май 2020 14:26 1428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

«Бишкекте коронавирус илдетине кабылгандардын саны күн сайын өсүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу боюнча олуттуу чараларды көрүү зарыл. Мобилдик бригадалар, эпидемиологиялык кызматтар, мэриялар жана тармактык кызматтар бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болушу шарт. Инфекцияга чалдыккандар менен байланышта болуп, үй карантинине алынган жарандарга тийиштүү көзөмөлдү күчөткүлө», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал баса белгиленгендей, көчөлөрдө унаалардын жана жарандардын санынын көбөйүшүн шарттаган экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар чөйрөлөрүн жандандыруу санитардык ченемдерди, айрыкча эл көп топтолгон жерлерде кынтыксыз сактоо менен коштолуусу зарыл.

«Ар бир жаран өзүнүн аң-сезимдүүлүгүн жана жоопкерчилигин көрсөтүп, өз саламаттыгынын коопсуздугу үчүн сунушталган санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Анын айтымында, май куюучу жайларда жарандарга касса жайгашкан имаратка кирүүгө уруксат берилбеши керек, алар майды өздөрү куюп, инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн май куюучу шаймандын колдон колго өтүшүнө жол бербөө керек. Такси кызматтары күнүнө бир нече жолу тыкыр дезинфекциялоо жүргүзүп турушу кажет, экиден ашык жүргүнчү салууга уруксат берилбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryndagy-zhana-chj-oblusundagy-epidemiologiyalyk-kyrdaal-zgch-kzmld-boluuga-tijish



Добавить комментарий