Бишкек шаарындагы Москва кѳчѳсү ачылды

1 ноябрь 2019 09:31 3610 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы  Москва көчөсүн оңдоо иштери аяктап, автоунаалардын каттамына жол ачылды.  Бул туурасында Бишкек шаардык бийлик маалымдады. Маалымат боюнча жолго эки кабат асфальт төшөлгѳн.

 Эске салсак, Бишкек шаарындагы Москва көчөсү жолдорду ремонттоо үчүн бөлүнгөн Кытай грантынын эсебинен оңдолду. Аны «China Road» компаниясы ишке ашырды.

Бул көчөнүн жабылышы шаардын борбордук бөлүгүндө тыгынды пайда кылган. Ошондуктан, Токтогул көчөсү эки тараптуу болуп ачылган. Москва көчөсүнүн ишке берилиши менен Токтогул көчөсү кайрадан бир тараптуу болду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryndagy-moskva-kchs-achyldy



Добавить комментарий