Бишкек шаарындагы №5 жана 14-троллейбустардын жол каттамдары өзгөрдү
Бүгүн Жайыл Баатыр көчөсү оңдоого жабылып, №5 жана 14 троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэрия билдиргендей, Жайыл Баатыр көчөсү бүгүн, 1-июндан тарта оңдоо иштерине жабылгандыктан аталган эки каттамдын багыты бир аз өзгөрөт.
"Троллейбустун №5 каттамы "Тунгуч - "Аэрофлот" агенттиги" жана №14 троллейбус Киркомстром - "Аэрофлот" агенттиги" каттамы менен жүрөт", - деп билдирет мэрия.
Эскерте кетсек, аталган көчөнүн Тыналиев менен Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси 15-июнга чейин оңдоо иштерине жабылат.
Мэрия бул ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryndagy-5-zhana-14-trollejbustardyn-zhol-kattamdary-zgrd
Добавить комментарий ×