Бишкек шаарынын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

27 март 2019 09:33 841 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Түндүк электр” ишканасы 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 КВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт.

Жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Учкун, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Ак-Тилек, Чалбай, Каинды конуштарында жана батыш бөлүгүндөгү Көлмө, Киргизия-1, Ынтымак конуштарында, Махатма Ганди көчөсүнөн тарта чоң Чүй каналынын түндүк бөлүгүндө жана шаардын борбор бөлүгүндөгү кээ бир көчөлөрүндө жүргүзүлөт.

Өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Себеби, көп учурда электр энергиянын өчүрүлүшүнө бак-дарактардын бутактары аба чубалгыларга кулап, үзүп кеткендиги себеп болот. Ал эми жамгырда зымдарга тийген бутактар жана сөңгөктөр узатуучуга айланып, ал аркылуу ток жерге агылат. Бутактардын зымдар менен тийишүүсүнөн көп учурда учкун пайда болот, бул өрт чыгуу коркунучун жогорулатат.

“Түндүк электр” ишканасынын балансында Бишкек шаары боюнча 2560 чакырым 0,4 КВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 1 164,2 чакырымы 2011-2018-жылдары өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

Жалпысынан 2019-жылы “Түндүк электро” ишканасы боюнча өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 514 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат. Анын ичимнен Бишкек шаарында-151,1 чакырым, Чүй облусунда – 362,2 чакырым, Талас облусунда – 36,3 чакырым болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-zhay-elektr-zymdaryn-montazhdoo-ishterine-bajlanyshtuu-ajrym-ajrym-zherlerde-zharyk-chrlttizme



Добавить комментарий