"Латвияга виза ачып берем" деп 1 200 доллар алып качып кеткен жигит эки айга камалды

7 май 2021 17:55 886 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Маалыматты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкектин тургуну 2021-жылдын 14-январында алдамчылык кылган. Ал Бишкек шаарынын тургунуна Латвияга виза ачып берүүнү убада кылган жана бул үчүн 1200 доллар алган. Бирок ал убадасын аткарбай, качып жүргөн.

 Алданган шаар тургуну милиция кызматкерлерине март айында кайрылып, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган С.У кармалып, кийинчерээк сот аны СИЗО-1ге эки айга камады.

Ошондой эле, ИИМ кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктады. Өз кезегинде, укук коргоо органдары шектүүнүн иш-аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон ар бир адамдан 0 (550) 102-223, 0 (701) 00-24-12 жана 102 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-aldamchylykka-shekt-adam-karmaldy



Добавить комментарий