Бишкек шаарында Ала-Арча суусуна эркек киши кулап түштү
Бөлүшүү:
Биринчи Май районунда 8-апрелде саат 14:34тө Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-ala-archa-suusuna-erkek-kishi-kulap-tshkn
Добавить комментарий ×