Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимге карата соттун чечимин күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" басмаканасынын мурдагы ээси Александр Кимге карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. 20-февральда Александр Кимди Свердлов райондук соту шарттуу түрдө алты жылга эркинен ажыраткан. Анын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелгендиктен "Рубиком" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 млн. сом төлөп бергенге милдеттендирилген. "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабышы" беренеси менен Александр Кимге кылмыш иши козголгон. Буга азыркы "Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон. Экөөнүн ортосундагы чыр көптөн бери уланып келе жатат. Рябушкин 2014-жылы анын басылмадагы үлүшүн Александр Ким тартып алгандыгын айтып сотко арыз менен кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, басылманы толугу менен Александр Рябушкинге өткөрүп берген. Ошондой эле Рябушкин 2005-жылдан 2014-жылга чейинки кирешени алыш үчүн сотко кайрылып, Кимден 400 миллион сомду өндүрүп берүүнү суранган. Анын негизинде Александр Ким шарттуу түрдө 6 жылга кесилген.
Ал эми буга чейин Александр Кимге козголгон кылмыш ишин "Сөз эркиндигин коргоо коммитети" журналисттерге жана маалымат каражаттарына бийликтин кысымы катары көрсөтүп келген.
Добавить комментарий ×