Бишкек — Ош жолундагы кар көчкүлөр атып түшүрүлдү
Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда тоодогу кар артиллериялык курал менен атып түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, саат 10:20дан саат 10:40ка чейин, Бишкек – Ош унаа жолунун 231-чакырымында (Итагар тилкеси) снаряд атылып, 7 500 кубометр кар көчкү түшкөн. Саат 11:25тен саат 11:40ка чейин 227-чакырымда (Ала-Бел ашуусу) снаряд атылып 1680 кубометр кар көчкүсү, саат 12:45тен саат 13:13кө чейин 223-чакырымда (Ала-Бел ашуусу) 6 680 кубометр кар көчкү атып түшүрүлгөн.
ӨКМдин маалымат кызматы кошумча маалымат берет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholundagy-kar-kchklr-atyp-tshrld
Добавить комментарий ×