Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу ачылды (Сүрөт)
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу сел сууларынан тазаланып, унаалар өтө баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 26-июлда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгырдын суулары унаа жолду каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан куткаруучу топ, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 манипулятор жана кызматкерлер, ЖКККББдан 1 экипаж тартылган.
Бүгүн, 27-июлда суу каптаган Бишкек-Торугарт жолу ачылып, унаалар өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-naryn-torugart-unaa-zholunda-sel-kaptady
Добавить комментарий ×