Бишкек мэриясы жылдын этегине чейин 50дөн ашык жаңы автобус сатып алат

6 октябрь 2018 11:15 1191 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэриясы жылдын этегине чейин 50-60 жаңы автобус сатып алат. Буга шаардык бюджеттен 382 млн 577 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу мэрдин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында коомдук транспортту алуу үчүн жакында тендер жарыяланат. 

Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болоору айтылууда. Баа маселеси тендерде дагы такталат. 

Учурда шаар ичинде жалпы 150 автобуз иштеп жатат, 125и оңдолууда.

Бишкек шаарын толук камсыз кылуу үчүн жалпы 800гө жакын автобус талап кылынат.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-meriyasy-zhyldyn-etegine-chejin-50dn-ashyk-zhay-avtobus-satyp-alat



Добавить комментарий