Бишкек кайтадан митингдин кучагында. Профсоюздар федерациясынын башчысын кызматтан кетсин дегендер кайрадан чогулду
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты.
Учурда алар профсоюздар федерациясынын имаратынын алдына чогулуп, “Асанакунов кетсин” деп кыйкырышууда.
Митингге катышкандардын бири Асанакунов бул кызматка келгенден бери митингдердин аягы тыйылбай жатканын айтып, бул сыяктуу акциялар 40тан ашык жолу өткөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Асанакуновду Жогорку Кеңештен депутаттары Гүлкан Молдобекова менен Кожобек Рыспаев калкалап жатканын билдирди. Ошондой эле Гүлкан Молдобекова менен Мирбек Асанакунов аял-күйөөсү экенин айтты.
Белгилей кетсек, профсоюздар федерациясынын башчысы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылган митингдер буга чейин дагы бир нече жолу өткөн. Учурунда аталган федерациянын ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү дагы сунушталган эле.
Добавить комментарий ×