Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поездине люкс вагондор кошулат

20 июль 2022 11:22 1344 Barometr
Бөлүшүү:
ok

22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек-Балыкчы багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Республикалык  ички каттамдагы  Бишкек – 2 - Балыкчы жүргүнчүлөр поездине 51 орундуу люкс вагон кошулуп, ал Бишкек 2ден  жөнөтүлөт.

"Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар.

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө:  

- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы – 250 сом

- 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы – 500 сом.

Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары 36 кг.га чейин кол жүгү – акысыз.

Люкс вагон кошулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт", -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек 18-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-balykchy-bagyty-boyuncha-poezdine-baardyk-sharty-menen-lyuks-vagondor-koshulat



Добавить комментарий