Он бир жаштагы кызын досуна зордуктаткан аял кармалды

11 май 2019 15:52 15935 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркек досуна өзүнүн 11 жаштагы кызын зордуктоого уруксат берген окуя Аргентинанын Ла Банд шаарында катталды. Бул тууралуу Express Mirror булагы кабарлады.

Тергөө учурунда аял 3 миң Аргентина песосу үчүн кызын зордуктоого уруксат бергени белгилүү болгон. Ал кызын досу менен калтырып, өзүн иштери менен кеткен.

Кыз апасына таанышы зордуктаганын айтып арызданган менен энесин ишендире алган эмес. Зордуктоого кабылган кыз эжесине айтканда ал полицияга кайрылган.

Балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук медициналык экспертизада белгилүү болду. Шектүү аялды камакка алышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhashtagy-kyzyn-dosuna-zorduktatkan-ayal-karmaldy



Добавить комментарий