Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаров менен Тилек Токтогазиевдин тарапташтары тирешип турушат
Бүгүн, 7-октябрда борбор калаада митинг өтүп жатат. Алар жаңы премьер-министрди шайлоону талап кылып чыгышкан.
Өкмөт үйүнүн алдында Тилек Токтогазиев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп турушат.
Алар Өкмөт үйүн алдына топтолуп, бир тарабы Садыр Жапаровду, экинчи тарабы Тилек Токтогазиевди премьер-министрилик кызматка алып келүүнү көздөп, тирешип турушат.
Белгилей кетсек, кече, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров жаңы өкмөт башчылыкка шайланган. Бирок, буга каршы болгон тарап жаштардын келишин талап кылып митинг өткөрүп жатышат.
Ал учурда “Ата Мекен” партиясынан талапкер болуп депутаттыкка аттанган Тилек Токтогазиев өзүн премьер-министрликке көрсөткөнгө жетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-top-adamdar-kmt-jn-basyp-aluuga-araket-kylyp-zhatyshat
Добавить комментарий ×