Бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилди

28 август 2018 17:25 1900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилди. Бул тууралуу Укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.  

Маалым болгондой,  дарыгерлер баланын колунун жаракаты күндөн күнгө күчөп бара жаткандыктан бүгүн, 28-августта анын колун чыканактан кесүүгө аргасыз болушкан. Дарыгерлер жоокердин экинчи колун кеспегенге канчалык аракет кылгандары менен аны сакайтып алууга мүмкүн болгон жок. Ал токтон катуу жабыркаган. Убакыттын өтүшү менен жарааты күчөп, чыканактан өйдө карай күч алган. Ал эми  жабырлануучунун туугандары дарылануу үчүн атайын банктык эсеп ачуу ниетинде. Алдын ала алынган маалыматка караганда, жоокер тыюу салынган белги бар экендигине карабай электрдик подстанциянын аймагына киргенде ток тарткан. Бирок, жоокердин  апасынын  айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Анын аталган аймакта ток бар экендиги тууралуу маалыматы жок болгон. Учурда Аскер прокуратурасы окуяны иликтеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-kolunan-azhyragan-zhookerdin-ekinchi-kolu-da-kesildi



Добавить комментарий