Бир айда эл аралык резерв 205,37 миллион долларга жогорулады
Акыркы айда Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 205,37 миллион долларга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Август айынын жыйынтыгы менен резерв 2 миллиард 860,74 миллион сомго жетти. Бул 2021-жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Ошол эле маалда жыл башынан бери резервдер 52,63 миллион долларга көбөйгөн.
Эскерте кетсек, Улуттук банк резервдерди валюта базарындагы кескин термелүүлөрдү жөнгө салыш үчүн пайдаланат. 2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 467 миллион 150 миң доллар саткан. Ушул жылдын башталышынан бери Улуттук банк беш ирет интервенция жасап, валюта базарына 208,2 миллион доллар сатыкка чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-ajda-el-aralyk-rezerv-20537-million-dollarga-zhogorulady
Добавить комментарий ×