Улуттук банк алтын валюта резерви кескин азайып кетти деген маалыматты четке какты

29 июля 2021 09:15 1385 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыркы учурда коомчулукта Улуттук банктын алтын валюта резерви кескин төмөндөп кеткени тууралуу маалымат тарап жатат.Бул маалыматка Улуттук банк тактоо бергенин “Барометр” билдирет.

Улуттук банк расмий түрдө 2021-жылдын 27-июлуна карата алтын валюта резервдери 2,65 млрд доллар экенин, бул 6 айга чейинки аралыкта товарлар менен тейлөөнү импорттоого жете турганын билдирди.

“Алтын валюта резервинин азыркы көлөмү өлкөнүн макроэкономикалык жана каржылык коопсуздугун колдош үчүн жетишерлик”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган маалыматка таянсак, акыркы бир нече жылда өлкөнүн алтын валюта резерви көбөйгөн. 2019-жылдын соңунда анын көлөмү 2,4 млрд доллар болсо, 2020-жылдын акырында 2,8 млрд доллар болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-altyn-valyuta-rezervi-keskin-azajyp-ketti-degen-maalymatty-chetke-kakty



Добавить комментарий