Кыргызстандын эл аралык резерви жогорку чегине жетти

14 октябрь 2021 09:30 1666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык дүң резерви Улуттук банк негизделген күндөн бери өзүнүн тарыхый эң жогорку чегине 3 миллиард 241,14 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалганын “Барометр” кабарлайт.

Акыры айларда эл аралык дүң резерв 380,4 миллион долларга көбөйгөн. Жыл башынан бери резервдер 433,03 миллион долларга жогорулаган.

Эскерте кетсек, Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы кескин термелүүлөрдү жөнгө салыш үчүн колдонот. Өткөн жылы ал баш-аягы 29 интервенция жасап, рынокко 467 миллион 150 миң доллар саткан. Жыл башынан бери Улуттук банк 7 ирет интервенцияны ишке ашырып, 311 миллион 150 миң доллар сатыкка чыгарган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-el-aralyk-rezervi-zhogorku-chegine-zhetti



Добавить комментарий