Бир ай мурда жоголгон Корея жараны жансыз табылды (фото)

16 ноябрь 2019 12:19 6692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мындан бир ай мурда жоголгон Корея жараны Лим Чанг Су жансыз табылды. Анын сөөгү Чоң Чүй каналынын Ысык-Ата районунун аймагынан агып өткөн жеринен табылганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Лим Чанг Су дайынсыз болуп жатканы боюнча 15-октябрда жарыяланган.

Бишкек милициясы билдиргендей, каналдан табылган жансыз дене дайынсыз жоголду делген жаранга көп жагынан окшоштугу бар.

Учурда тиешелүү эспертизалар дайындалып, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

18-октябрда А.Л. аттуу жаран 1962-жылы туулган Лим Чанг Су аттуу досун таап берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Чанг Су 15-октябрда Бишкектеги “Золотой дракон” мейманканасынан чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай калган. Ошол күнү ал боз түстөгү спорттук кийимчем жана бутуна ачык-жашыл түстөгү кроссовки кийген.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-aj-murda-zhogolgon-koreya-zharany-zhansyz-tabyldy-foto



Добавить комментарий