Билл Гейтс кызматкери менен болгон сүйүү мамилесинен улам директор кызматынан кетет
Америкалык миллиардер Билл Гейтс Microsoft компаниясынын кызматкери менен болгон сүйүү мамилесинен улам компаниянын директор кызматынан кетет. Бул тууралуу The New York Times жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“2019-жылдын аягында компаниянын кызматкери көп жылдар бою Билл Гейтс менен сүйүү мамилесинде болгондугун кат аркылуу билдирген. Билдирүүдөн кийин Microsoft компаниясы юридикалык тергөө жүргүзгөн жана Билл Гейтсти мындан ары өзү түптөгөн жана жетектеген компанияда иштей албайт деген чечимге келишкен. Тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе, Гейтс кайрымдуулук долбоорлоруна көңүл бургусу келгенин жарыялап, кызматынан кеткен”- деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Билл Гейтс менен жубайы Мелинда Гейтс 27 жыл чогуу түтүн булаткандан кийин ажыраша тургандыгы кабарланган.
Добавить комментарий ×