Билим берүү министрлиги айдоочуларды даярдоочу 16 мектепке эскертүү берди

2 сентябрь 2021 13:19 1699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылы  айдоочуларды даярдоочу 16 мектепке айрым бир жетишсиздиктер үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдун маалында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымдады.

Ал Билим берүү жана илим министрлиги айдоочуларды окута турган мектептерге лицезия бере турганын белгиледи.

“Жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Планга ылайык, 2021-жылы биз 40 авто мектептин лицензиясын текшермекпиз, алардын 25ин текшерип бүттүк. Айрым бир талаптарга жооп бербеген 16 мектепке эскертүү бердик. Жетишсиздиктерди жоюш үчүн 3 ай берилет, андан кийин дагы алар жоюлбаса дагы бир ирет эскертүү берилет жана андан соң сот аркылуу лицензиядан ажыратылат”,-деп айтты орун басар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-ajdoochulardy-dayardoochu-16-mektepke-eskert-berdi



Добавить комментарий