Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы болгон

2 сентября 2021 11:30 925 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда сегиз айдын ичинде 4 миң 637 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, аталган жол кырсыктарынан 497 адам каза таап, 6900 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Өткөн жылга салыштырмалуу баардык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалган. Жол кырсыктарынын 95 пайызы адам факторунан улам келип чыккан.

Мындан тышкары ушул аралыкта жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлар өлкөдө өткөн жылга салыштырганда 77 пайызга жогорулаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-segiz-ajda-4637-zhol-kyrsygy-bolgon



Добавить комментарий