Бүгүн ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болушу мүмкүн

3 февраль 2020 10:05 817 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 3-февралда күндүз Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында  жаан-чачын күтүлбөйт.  

Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-too-etekterinde-kar-zhaajt



Добавить комментарий