Бүгүн Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
Бөлүшүү:
Бүгүн 14-августта эртең мененки саат 07:01де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-oshto-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×