Бүгүн Кыргызстандын Эгемендик алганына 29 жыл болду

31 август 2020 09:51 1378 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан мындан 29 жыл мурда дал ушул күнү СССРдин курамынан чыгып Эгемендик алган. 1991-жылдын 31-августунан тарта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган мамлекеттердин катарына кошулуп, бул күндү майрамдап келебиз.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган.

Бир канча кыйын кырдаалдар, өлкөбүздүн өнүгүү жолунда кандуу окуялар дагы болду. Кандай болсо да өнүккөн өлкөлөрдү карап түздөнүп, өнүгүп, өсүүгө карай алдыга жылып келебиз.

31-август - Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Бүл күн кыргыз жергесинде жашаган ар бир жарандын, Ата Мекенди сүйүүчүлөрдүн, эли-жери үчүн күйгөн инсандардын майрамы.

Бул майрамга карата жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. 

Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

Салтанат түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Биздин эмгек жамаат кыргыз элине эркиндикти алып келген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstandyn-egemendik-alganyna-29-zhyl-boldu-barometrdin-emgek-zhamaaty-kyrgyz-elin-majramy-menen-kuttuktajt



Добавить комментарий