Бүгүн Гүлбү Ороскул кызынын арабыздан кеткенине бир жыл болду

6 октябрь 2018 16:00 5103 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 6-октябрда элдин сүймөнчүк кызы, "Кыз-жигит" сармерден телеберүүсүнүн шайыр жеңеси, булбул үндүү Гүлбү Ороскул кызы дүйнөдөн кайткан. 40 жашында кыздарын, элин артына калтырып мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кеткен ырчыны "бирөө өлтүрүп койдубу", "ууландыбы" деген шектерден улам, ырчынын денесине экспертиза жасалып, ашказан оорусунан көз жумгандыгы такталган. 

Гүлбү Ороскул кызы "Мажүрүм тал", "Өмүр", Эмне айып", "Жанарым", "Асылым" деген сыяктуу жалпы кыргыз элинин жүрөгүнөн орун алган чыгармалары менен дагы белгилүү болгон. 

Ырчынын сөөгү 2017-жылдын 8-октябрында Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө маркум Элмира Кайып кызынын жанына коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-glb-oroskul-kyzynyn-arabyzdan-ketkenine-bir-zhyl-boldu



Добавить комментарий