Бүгүн экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасы каралат

10 июль 2018 20:00 1163 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Сотто Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасы каралат. Экс-мэр "коррупция" жана жараксыз паспортту пайдаланган деп айыпталып ушул жылдын 5-июнунда камакка алынган. Кулматовдун жактоочусу аны үй камагына чыгарууну суранып жогорку инстанцияга кайрылган. Биринчи Май райондук соту Кулматовду 28-августка чейин абакта калтырууну чечти. Учурда экс-мэр Улуттук Коопсуздук комитетинин тергөө абагында олтурат. 

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-eks-mer-kubanychbek-kulmatovdun-bgt-charasy-karalat



Добавить комментарий