3-сентябрда көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт
3-сентябрда Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +22-27°
Талас жергесинде +21-26°
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +24-29°
Ысык-Көл облусунда +14-19°
Нарын облусунда +14-19 °
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Абанын температурасы +24-26° жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-3-sentyabr-kpchlk-ajmaktarda-nshrlgn-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×