3-сентябрда көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт

3 сентября 2020 09:09 1282 Barometr
Поделиться в:
ok

3-сентябрда Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +22-27°

Талас жергесинде +21-26°

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +24-29°

Ысык-Көл облусунда +14-19°

Нарын облусунда +14-19 °

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы +24-26° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-3-sentyabr-kpchlk-ajmaktarda-nshrlgn-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий