Кыргызстанда бүгүн кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат

17 ноябрь 2020 10:21 1021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-ноябрь, кыргыз кино чеберлеринин кесиптик күнү. “Барометр” кино тармагындагы адистердин кесиптик майрамы менен куттуктап, тарыхта из калтыра турган тасмалардын тартылышына тилектештигин билдирет.

66 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө. Ал эми, 60-жылдардын орто ченинде «Кыргызфильм» киностудиясы түзүлгөн. «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган толук метраждуу «Тайгак кечүү», «Бакайдын жайыты», «Ашуудан атылган ок», «Көк серек», «Улан», «Саманчынын жолу» жана башка көркөм тасмалар «Кыргыз керемети» деп аталып, дүйнөлүк кино өнөрүндө татыктуу орун алган.

Бүгүн да уучубуз кур, арабыз бош эмес.  “Кыргыз кереметин” жараткан улуу муундун даңктуу жолун, жаңы муун татыктуу улантууда.

Буга жыл сайын эл аралык деңгээлде байгелүү орундарды багындырып жаткан тасмаларыбыз далил.

Бүгүнкү күндүн залкар кино режиссёрлору: Актан Арым Кубат, Эрнис Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Таалай Кулмендеев баш болгон мыкты кино режисёрлордун тасмалары эл аралык кино фестивалдарда байгелүү орундарды багындырып келет.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-17-noyabr-kyrgyz-kinosunun-kn



Добавить комментарий