Бети-башы кан жалаган Тынар эсен-соо, ооруканада башы таңылган, телефондо сүйлөшүп жатат

10 октябрь 2019 09:20 1902 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башы жарылып ооруканага түшкөн куудул Тынар Курбаналиевдин абалы жакшы. Башын ак мата менен таңып, ооруканада телефон аркылуу сүйлөшүп жатканы сүрөтү чыкты.

barometr.kg сайтынын өздүк булактары Тынар унаа кырсыгына учураганын айтышты.

Буга чейин Тынардын эс-учун билбей, сулк жатканы, сол жактагы кашынын үстүнкү жери жарылып, андан аккан кан бетинин бир жагына агып калганы тартылган сүрөт тарап, анда Тынар улак тартып жатып ушинтип жаракат алыптыр деген комментарийлер жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/beti-bashy-kan-zhalagan-tynar-esen-soo-oorukanada-bashy-taylgan-telefondo-sjlshp-zhatat



Добавить комментарий